МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ САЛГЫЛАШУУ - Алек­сандр Невский башында турган орус аскерлери­нин немис рыцарлары менен 1242-ж. 5-апрелде Сиговец а-нан 400 м аралыкта, Чуд көлүндө болгон салгыЛашуусу. Моңгол чапкынынан ту­кулжураган орус жерлерине 1240-42-ж. немис­тик рыцар-кресттүүлөрү, дан жана швед феодал­дары кайра-кайра кол сала баштаган. Новгород князы Александр шведдерге капысынан кол салып, шведдердин аскерлерин талкалаган. Александр шведдердин аскер жетекчиси Биргер­дин бетине кылыч менен тамга баскан. Бул эрди­ги үчүн эл ага Невский деген ысым ыйгарган (к. Нева салгылашы, 1240). Бирок Ливон орде­нинин кресттүүлөрү 1240-ж. Изборск жанаПсков­ду, Копорье монастырын каратып, 1242-ж. Улуу Новгород, Карелия жана Нева боюн басып алмак болгон. Веченин өтүнүчү боюнча Новгородго келген Александр Невский аскер курап, 1241-ж. Тев­тон рыцарларын талкалап, Копорье монасты­ры менен Псковду бошоткон. 1242-ж. немис ры­царлары Новгород жерине кол салган. А. Не­вский орус аскерин Чуд көлүнүн түштүк-чыгыш жээгине жаигаштырган. Душмандын аскери орус полкун жиреп кирип, алардын алдыңкы отря­дын талкалаган. Невский душманга капталы­нан, тылдан сокку урган. Орус аскери душман­ды талкалап, жеңишке ээ болгон. 400дөй ры­цар өлүп, 50сү туткунга алынган. Калганы ка­чып, жарылган музга чөгүп кеткен. 1243-ж. Новгород менен Тевтон ордени тынчтык келишим түзүп, немистер басып алган орус жерлери кай­ра кайтарылган. М. ү. с-нун тарыхый мааниси чоң, ал кресттүүлөрдүн Чыгышты көздөй багытталган жортуулун токтотуп, орус жерле­рин басып алуудан сактап калган. 1725-ж. 21- майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына аскер жетекчилерин сыйлоо үчүн Александр Невский ордени чыгарылган. 1938-ж. С. Эйзен­штейн М. ү. с. жөнүндө «Александр Невский» аттуу көркөм фильм тарткан.

Ад.: Князь Александр Невский и его эпоха. Иссле­дование и материалы. СПб., 1995.