МУЗОО БАШ
МУЗОО БАШ (ЗоШиеае)— муунак буттуулар тибинин жөргөмүш сымалдар классындагы түркүм. Дене уз. 7 смте жетет. Узун түкчөлөр менен капталган бозомук сары денеси баш көкүрөк жана он муунактуу курсак — опистомдон турат. Баш көкүрөгүндө көздөрү, түрдүү кызмат аткарган 6 жуп буту бар. М. б. айрым жыныстуу, жумуртка тууп көбөйөт, метоморфозсуз өөрчүйт. Алардын 10 тукуму, бООдөй түрү кездешет. Жер шарынын Австралиядан башка өлкөлөрүнүн тропик, субтропиктеринде жана мелүүн алкактарында учурайт. КМШнын Европа бөлүгүндө, Казакстанда, Борбордук Азияда 70тен ашуун түрү тараган. Көбүнчө чөл, кургак талаа жана тоодо жашайт. Жырткыч, түрдүү омурткасыздар менен азыктанат, уусуз, көбү азыгын түнкүсүн издейт.