МУГАЛЖАР ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУГАЛЖАР ТООЛОРУ - Уралдын түштүк улан­дысы; Казакстандын Ак-Дөбө обл-нда. Уз. 200 км. Бийикт. 657 лгге чейин (Чоң Боктыбай чокусу). Кварцит, кристаллдык сланец, гнейс, гранит, кумдуктардан туруп, жез, никель кен­дери бар. Түндүктө токол тоо болуп башталып, анан бири-бирине жарыш жаткан эки кырка тоого ажырайт. Ал кырка тоолордун аралыгы жазылыгы 15-20 клгге жеткен Алабас ойдуңу ээлейт. М. т-нун батыш капталынан Эмба, Орь (Каспий деңизинин алабы), чыгышынан Ыргыз­дын оң куймалары (туюк алап) башталат. М. т. түндүк бөлүгү шагыл-таштуу, чымдуу-кылкан өсүм­дүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, тоо сулусу) түш­түктө кылкан өсүмдүктүү-шыбактуу талаага жана жарым чөлгө өтөт. Ыргай, караган ж. б. бадалдар да кездешет. Жазгы жана жайкы жа­йыт катары пайдаланылат.