МОСКВА ЖАНЫНДАГЫ САЛГЫЛАШ (1941

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА ЖАНЫНДАГЫ САЛГЫЛАШ (1941 - 42) - СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Москвага карай жапырып келаткан фашисттик немис аскерле­рин токтотуу жана талкалоо үчүн согушу. Моск­ванын борбордук багытына фашист немис аскерле­ринин (950 самолёт, 1700 танк, 19 450 курал­жарак жана миномёт) «Борбор» (генерал-фельд­маршал Ф. Бок) армиясынын тобу (бардыгы 77 дивизия, анын ичинде 23 танкалык жана моторлошкон) жумшалган. Фашист немис командованиесинин максаты Духовщина, Рославль, Шостка тарап­тан Кызыл Армиянын негизги күчтөрүнө сокку уруу, Батыш жана Брянск фронтторун Москвага чегиндирбей жарып кетүү, ошону менен борбор шаарды курчоо жана талкалоо, андан соң түн­дүктөн жана түштүктөн каптап кирүү эле. Советтик Жогорку башкы командачылык Москваны кор­гоо үчүн кошумча күч (770 танк, 364 самолёт, 9150 курал-жарак жана миномёт) топтоого үлгүр­гөн. 500 миңден ашуун москвалыктар коргонуу курулуштарын куруп, алардын 120 миңи элдик ыктыярдуу кошуунга бириккен. Москва айла­насында партизан кыймылы күчөп, кийин алар 40 отрядга чейин жеткен. Душмандын чабуулу 30-сентябрда «Борбор» армиясынын 2-танкалык соккусу менен башталган. 2-октябрда «Борбордун»

Москваны коргоо (1941-ж., күз).

негизги күчтөрү чабуулга өтуп, бат эле Калуга, Боровск, Можайск, Малоярославец жана Кали­нин ш-н басып алган. Мамлекеттик Коргоо Комитетинин 1941-ж. 19-октябрдагы токтомунда Москва кур­чоо абалында деп жарыяланган. Ушундай шарт­та советтик жоокерлер ашкере туруктуулук көрсө­түп, душманды Москвага 100 км чамалуу жет­кирбей токтотуп, стратегиялык күчүн Загор­скинин батыш тарабына, Москва айланасына жана Рязандын түштүгүнө топтогон. Фашист ас­керлери кайрадан күч жыйнап, эки армиясы­нын колдоосу менен 15-ноябрда Калинин-Солнеч­ногорск, Сталиногорск-Кашира тараптан чабуул жасаган. Бул сапар фашисттер Москванын түндүк жана түштүк тарабын бууп салуу, борбор шаарды ээлөө, андан чыгышка бет алуу максатын көздөгөн. Немистердин эки танкалык тобу 1- декабрда Москвага Нахабино, Криково, Красная Поляна тараптан кирүүгө аракеттенген. Советтик аскерлер Яхроманын түштүгүнөн контрсокку уруп, душманды сүрүп таштаган. Москваны кор­гоочу (1941-ж. чейин) Батыш (командачысы - генерал-полковник И. С. Конев, 10-октябрдан армиянын генералы Г. К. Жуков), Резервдик (ко­мандачысы - Советтик Союз. маршалы С. М. Будён­ный), Брянск (командачысы - генерал-полков­ник Анын Ичинде Ерёменко, октябрь айынан генерал­майор Г. Ф. Захаров) жана Калинин (команда­чысы - генерал-поковник И. С. Конев) фронт­торунун советтик жоокерлери Волга суу сактагычы, Дмитров, Яхрома, Красная Поляна, Истра, Ку­бинка, Наро-Фоминск, Серпухов, Алексин, Тула багытында душмандын «Борбор» армиясынын чабуулун токтотушкан. 1941-жылдын 5-6-декаб­рында Калининден Елецкиге чейинки фронтто контрчабуулга өткөн. Советтик жоокерлер Волга суу сактагычы менен Яхроманын ортосунан жарып өтүп, Клин ш-н, 13-декабрда Калинин ш-н бо­шоткон. Москва, Тула, Рязань, Калинин, Смо­ленский, Орёл обл-тарынын көп райондору душ­мандан толук бошотулган. Фашист баскынчы­лар 500 миңден ашуун аскеринен, 1300 танка­сынан, 2500 замбирегинен, 15 миңден ашуун машинасынан ж. б. көптөгөн техникасынан ажыраган. М. ж. с. Германия армиясына олут­туу сокку уруп, анын жеңилбестиги жөнүндөгү аңыз сөздөрдү жокко чыгарган. Бул жеңиш советтик жоо­керлердин баатырдыгын жана жалпы совет эли­нин эмгектеги каармандыгын даңазалаган. Сал­гылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн 110 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган. Москва­ны коргоодо Кыргызстандан барган жоокерлердин да салымы зор (к. Панфилов дивизиясы). 1944-ж. «Москваны коргогону үчүн» медалы белгиленип, 1965-ж. Москва ш-на «Баатыр шаар» деген ар­дак наам берилген.

Ад.: Битва за столицу: Сб. документов: В. 2 т. М., 1994; Невзоров Б. И. Московская битва. 1941-1942; Жук Ю. А. Неизвестные страницы битвы за Москву: Крах операций «Тайфун». М., 2008.