ВАЛУА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:24, 23 май 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВАЛУА – to ВАЛУА) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛУА́ – Франциядагы королдор династиясы (1328–1589), Капетингдердин бир бутагы. Валуа графтыгынын атынан аталган. Негиз салуучусу – француз королу Филипп IV Сулуунун иниси, Карл Ваула. Карл XI Вауланын тушунда Франциянын аймагы бириктирилип, королдук бийлик күчөгөн жана француз абсолютизми калыптана баштаган. Династиянын акыркы өкүлү Генрих III өлтүрүлгөн соӊ (1589), анын мураскери жок болгондуктан, Валуа династиясы үзүлгөн, ал эми француз таажысы Бурбондорго өткөн.