МОРОЗОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРОЗОВ Алексей Алексеевич (27. 9. 1945-жылы туулган, Фрунзе) - химия илимдеринин доктору (1994). КМУ­ну (1967), Кыргыз ССР ИАнын ОХИнин аспи­рантурасын бүтүргөн (1970). 1970-жылдан ошол института кенже, улук илимий кызматкер. 1998-жыл­дан көмүр жана гумус бирикмелеринин химиясы лабор-нын башчысы. Кинетика жана катализ, карбонил бирикмелердин альдолдук айлануусу, көмүр жана анын химиялык трансформациясы боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. 50дөн ашык илимий эмг., анын ичинде 3 ойлоп табуусу бар.