МОҢОЛДОР (кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОҢОЛДОР - Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыштак. Сары-Булак айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1131 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кара-Балта ш-нан 20 км түштүк тарапта. Кыштак 1931-ж. не­гизделген. Калкы 444 (2009); мал багып, дый­кан чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана бар.