МОҢОЛДОР (уруу)
МОҢОЛДОР — кыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири. Уламыштар боюнча Адигине менен Тагайдын эжеси Наалыга байланышкан. Алардын биринде Наалы эже кыргызга келген Көкөгө баш кошкон, андан туулган балдар М„ аталган. С. Абрамзондун эмгеги боюнча М. - кыргыз элинин этностук калыптанышына катышы бар моңгол-түрк урууларынын бири. Н. Аристовдун пикиринде М. кыргыздарга тыштан кирген «жат» уруулардын бири болгон. Бирок моңгол уруулары менен кандайдыр бир байланышта болушун тастыктаган тарыхый даректер кезикпейт. М. жөнүндө тарыхый маалыматтар алгачкы жолу Кытай тарыхый даректеринде («Си-юй чжи») кезигип, алар кыргыздын «Батыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруунун бири катары эскерилет. Кыргыз санжырасы боюнча М. Баакы бийден тарап, Бөгөнөк, Улуу Кыйра, Бала Кыйра, Бай Моңол деген негизги топторго ажырайт. М. уруусуна тийиштүү топтор (фратрия) Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет. Анткени алар Кыргызстандын Россияга каратылышына чейин ар кандай саясий кырдаал же табигый шарттарга байланыштуу күчтүү уруу бирикмелерине таянууга аргасыз болушкан. С. Абрамзон М-ду кыргыздын эң эле укуксуз жана эзилген тобу экенин белгилеп, падыша өкмөтү жүргүзгөн саясий реформалардан кийин гана аларды бир жерге чогултууга аракет жүргөнүн көрсөткөн. Мисалы, алардын бир бөлүгү манап Кайду Рыскулбековдун буйругу менен Нарын, Ат-Башыга чогултулуп, кийин өзүнчө болуштук түзүлгөн. Азыркы учурда М-го тийиштүү топтор негизинен Нарын (Ат-Башы, АкТалаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, ЖетиӨгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кулжа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы ж. б.) обл-нда турушат.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б„ 1999.
Р. Жолдошев.