МОНТЕВИДЕО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНТЕВИДЕО - Уругвай Респ-нын борбору, шаар. Монтевидео департаментинин администрациялык бор­бору. Атлантика океанындагы Ла-Плата булу­ңунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 500 м бийик­тикте жайгашкан. Калкы 1,34 миллион (2012; Уруг­вайдын калкынын 40%и). Жол тоому. Эл ара­лык аэропорту (Карраско) бар. Өлкөнүн маа­нилүү деңиз порту. Уругвай жана Парана д. боюнча

Монтевидео шаа­рындагы телеберүү борбору.

кеме катнашынын баштапкы пункту. Шаар 1726-ж. испандар тарабынан негизделген. 1816- 28-ж. Бразилиянын курамында болгон. Эт тоң­ДУРУУЧУ, нефть ажыратуу, металл иштетүү, це­мент, химиялык, текстиль, булгаары-бут кийим ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттер, География жана тарых институтуту, ИИИлер (адабият академиясы ж. б.), техникалык коллеж, улуттук кооз искусство жана зоология музейлери бар. Планетарий жана эки зоопарк уюштурулган. Собор (18-к., өтө кооздолгон), ра­туша (19-к.), чеп ж. б. сакталган. 1726-ж. не­гизделген.