МОНТАН
МОНТАН Ив (өз аты-жөнү - Иво Ливи) (13.10. 1921, Италия, Монсуммано-Терме ш. - 9.11. 1991, Франция, Санлис) - фр. шансон ырчы жана актёр. 1923-ж. ата-энеси Францияга көчүп келген.

Адегенде кинотеатрларда, клубдарда, мюзик-холлдордо ырдаган. 1944-ж. Эдит Пиаф менен таанышып, Эдит Пиаф М-дын устаты болуп калат (1949-ж. чейин). М. шансон ырчы катары Л. Арагон, П. Элюар, Ж. Превер ж. б. акындардын поэзиясына, ошондой эле актуалдуу саясий темаларга кайрылган. М. сахнада талантын аягына чейин ачып көрсөтө алган аткаруучу катары белгилүү. Акыркы концерттери 1981-ж. Париждеги «Олимпия» залында өткөн. Актёр катары коркунучтардан коркпогон демокр. каармандын образын түзгөн. 1946-ж. М. Карненин «Түн дарбазасы» фильминде башкы ролду аткарган. 1960-70-жылдарда Коста-Гаврастын жана Клод Сотенин фильмдеринде М-дын актёрдук таланты кеңири ачылган. Европада, Америкада да киного тартылган («Кел сүйлөшөлү» фильминде Мэрилин Монро менен бирге). М. СССРде өзгөчө белгилүү болгон. Б. Мокроусовдун Я. Хелемскийдин сөзүнө жазылып, М. Бернес аткарган «Алыстагы дос ырдаганда» ыры М-га арналган.