МОНРОВИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНРОВИЯ - Либерия Респ-нын борбору, шаар. Монтсеррадо графтыгынын администрациялык борбору. Өзүнчө администрациялык округду түзөт. Сент-Пол д-нын чатында, Месурадо тумшугунда жайгашкан. Калкы 1,1 миллион (2010; 95% и африкалыктар). Жолдор тоо­му. Өлкөнүн Атлантика океанындагы башкы соода борбору жана порту (сыртка темир кента­шын, каучук, пальма данегин жана майын чыга­рат; жылына 12 миллион т жүк ташылат). Эки эл аралык аэропорту [Робертсфилд (М-дан 60 км.)

Монровиядагы көчөлөрдүн бири.

Shape 3354

жана Спригс-Пейн] бар. Шаар 1822-ж. АКШдан келген негрлер тарабынан негизделип, АКШнын президенти Ж. Монронун урматына аталган. 1847-жылдан көз каранды эмес Либериянын бор­бору. Университет китепканасы менен, Либерия Геология жана тоо металлургия коому, Мамлекеттик калк ки­тепканасы бар. Туристтерди кызыктуруучу не­гизги жайы - баалуу жыгачтар өскөн тропик токою.