МОНАКО (мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНАКО, Монако Княздыгы - Европанын түштүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүгүнөн, чыгышынан жана батышынан Фран­ция менен чектешет. Түштүгүн Жер Ортолук де­ңиз чулгайт. Өтө кичине жана калкы жыш оту­рукташкан өлкөлөрдүн бири. Аянты 2,02 км2

тук союз, Князык үчүн союз М. үчүн кыймыл, Монегасскилер партиясы.

М. Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Фран­ция менен Италиянын ортосунда, Европанын түш­түгүндө жайгашкан. Эң бийик жери - Монт­Ажель чокусу (бийикт. 140 м). Климаты жер ортолук деңиздик.

Калкынын г/. бөлүгү монегаскилер, калганда­ры француздар жана италяндар. Расмий тили - француз тили, ошондой эле италян, англис, окситан тилдери да колдонулат. Католик динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 16 620 киши (дүйнө­дөгү эң жогорку көрсөткүч). Калкынын жашы­ның орт. узактыгы эркектериники - 74 жаш, аялдарыныкы - 82. Төрөлүүнүн (1000ге 10,6) жана өлүм-житимдин'(1000ге 12,1) деңгээли орточо.

(2008). Калкы 35,9 миң киши (2010). Борбору - Монако. Администрациялык жактан 3 коммунага, ал 10 ра­йонго бөлүнөт. Расмий тили - француз тили. Акча бирдиги - евро.

М. - БУУнун (1993), ОБСЕнин (1973), Европа Кеңешинин (2004) мүчөсү.

Башкаруу формасы - конституциялык монар­хия. Мамлекет башчысы - князь. Аткаруу бий­лигин Өкмөттүк Кенеш башында турган мамлекеттик министрлер ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы - Улуттук Кеңеш. Саясий партиялары: М-нун келечеги үчүн улут-

Монако шаарынын жалпы көрүнүшү.

М. аймагын байыртадан кельт уруулары ме­кендеген. Биздин заманга чейинки 1000 жыл мурда финикий, андан соң грек колониясы болуп, биздин замандын 1-к-да Римге, 12-к-дын аягында Ыйык Рим империя­сына, 1215-ж. генуялыктарга караган. 1297- жылдан М-ну Гримальди династиясы башкар­ган (700 жыл). 1524-1641-ж. испан монархия­сынабашийип, 1641-1814-ж. Францияга, 1815- 61-ж. Сардиния королдугуна протекторат бол­гон. 1861-ж. М. Франция протектораттыгынын чегинде көз карандысыздык статусун алып, Мон­те-Карлодо алгачкы казинону ачкан. 1865-ж. Франция менен бажы союзунун түзүлүшү өлкөдө экономиканын өнүгүшүнө түрткү болгон. Фран­ция менен М-нун ортосунда т. ж. курулгандан кийин, ал комплекстин дүйнөгө атагы чыгып, 1868-жылдан М-нун киреше булагына айланган. 1911-ж. кабыл алынган 1-конституцияда шай­ланма Улуттук Кеңеш (парламент) түзүлүп, Франция менен болгон мамилелерди бир канча макулдашуулар аркылуу ишке ашыруу маселе­си каралган. 1959-ж. князь Ренье III (1949- жылдан бийликте) Улуттук Кеңешти таратып, 1962-ж. декабрда М-нун экинчи конституция­сын жарыялаган. Франция менен М-нун ортосун­дагы мамиле 1963-ж. 18-майдагы макулдашуу боюнча жөнгө салынган. 2002-жылдан Франция менен М-нун ортосунда түзүлгөн жаңы келишим­ге ылайык М. - өз алдынча мамлекет. М-до Ев­ропадагы эң кубаттуу радиостанциянын бири - «Монте-Карло», эл аралык гидрография бюро­сунун, эл аралык туризм ж. б. эл аралык көп уюмдардын штаб квартиралары жайгашкан. Мамлекеттин негизги кирешеси туризмден түшөт.

М. - экономикасы жакшы өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 976 миллион доллар (2006, АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 30 миң дол­лардан туура келет (2010). Андагы тейлөө чөй­рөсүнүн үлүшү 95,1%, ө. ж-дыкы 4,9%. М. - туризмдин дүйнөлүк борбору. Өлкө бюджетине Монте-Карлодогу казинолордон 4%, калган ки­решенин баары чет өлкөлүк туризмден түшөт. М-нун эли бардык салык түрүнөн бошотулган, бирок аларга казинолорго барууга тыюу салын-

Монте-Карлодогу казинолордун бири.

ган. 2005-ж. 716,3 кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Фармацевтика, косметика каражат­тарын даярдоочу, полиграфиялык, карападан жана пласт­массадан буюм жасоочу, саат, термостат ө. ж. ишканасы иштейт. Белек-бечкектер даярдалат. Кеме куруу жана оңдоо орчундуу орунду ээлейт. Автомобиль жолунун уз. 50 км (2007; Порт - Монако), т. ж-нуку 1,7 км. Деңиз порту - Эр­кюль (Кондамин р-нунда; круиз кемелерин ка­был алат). Дүйнөгө оюн-зоок казинолору, «Фор­мула-1» спорттук автомобилдер жарышынын гран-приси менен даңкталат.