МОМИНОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОМИНОВА Разияхан (5. 5. 1918, Ош - 8. 7. 1988, ошол эле жер) - артист жана бийчи, Кыр­гыз ССР эл арт. (1940). Балдар үйүндө тарбиялан­ган. Артисттик өнөрүн өздүк-көркөм чыгармачылык­тан баштаган. 1939-жылдан Ош обл. өзбек музыкалык драма театрында актёр. Алгач Залиманын (К. Го­ци, «Турандот каныша») ролун ойногон. Кым­бат (У. Исмаилов, «Рустам»), Күмүшай (М. Аш­рафи, «Бороон»), Жамийла (Хамза, «Байменен

батрак») ж. б. образдарды чебердик менен ачып берген. Ал өзбек, тажик, уйгур бий­лерин чебер аткарган. Ба­летмейстер катары «Гүлса­ра», «Фархад менен Ши­рин», «Тахир менен Зухра», «Нурхан» спектаклдеринин бийлерин койгон. Эки «Ар­дак Белгиси» ордени жана ме­далдар менен сыйланган.