МОЛОТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛОТОВ Вячеслав Михайлович (чыныгы фа­милиясы - Скрябин) [25. 2 (9. 3). 1890, Вятка губерниясы, Яран уезди, Кукарка кыш. (азыр­кы Советск ш.) - 8. 11. 1986, Москва] - советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943), СССР ИАнын ардактуу академиги (1946- 59). РСДРПнин мүчөсү, болыпевик (1906). «Прав­да» гезитинин редакциясынын секретары жана мүчөсү (1912). 1909-, 1913-15-ж. бир нече жолу түрмөгө камалып, 1915-ж. сүргүнгө айдалган. РСДРП БК Орус бюросунун (1916-17), РСДРП(б) Петроград комитетинин, Петроград советинин атко­мунун (1917-18), Октябрь революциясында (1917) Петроград аскердик-революциялык комитетинин мүчөсү. Октябрь революциясынан кийин Түндүк обл-нда, Волга боюнда, Нижегород губерниясында, Украинада партиялык жетекчи кызматтарда. РКП(б) - ВКП(б)- нин Уюштуруу жана Саясий бюросунун (1920-21), РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын (1921-57), ВКП(б) БКнын Саясий бюросунун (1926-52; 1921-жыл­дан кандидат), Коминтерндин аткомунун (1926- 43; 1928-жылдан Президиумунун, Секретариа­тынын) мүчөсү. Ошол эле мезгилде ВКП(б)нин Москва губерниялык комитетинин 1-секретары (1928- 29), СССР Эмгек жана коргонуу советинин (1930- 37), СССР ЭКСтин төрагасы (1930-41), төрага­нын орун басары (1941), 1-орун басары (1942- 37), төраганын орун басары (1941), 1-орун баса­ры ), СССР тышкы иштер эл комиссары (1939- 49; 1953-56). Улуу Ата Мекендик согушта (1941- 45) СССР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, Жогорку Башкы командалык став­канын мүчөсү, СССРдин Моңголиядагы ыйга­рым укуктуу элчиси (1957-60), Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте (МАГАТЭ, Вена) СССРдин туруктуу өкүлү (1960-62). Массалык репрессиянын уюштуруучуларынан болгон. Советтик-германдык пактка (1939), СССРге Гитлер кол салгандан кийин англ.-советтик (1942), Париж тынчтык келишимдерине (1947), Австриянын демокр. жана көз карандысыздыгы жөнүндө мамлекеттик келишимине (1955) СССРдин атынан кол кой­гон. Тегеран (1943), Крым (Ялта) жана Потсдам (1945) конференцияларын даярдоодо жана өткөрүүдө Сталиндин жакын кеңешчиси болгон. Инди­кытайда тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндө Женева макулдашууларын иштеп чыгууга

активдүү катышкан (1954). КПССтин 22-съез­динде (1961) массалык репрессияга катышкан­дыгы үчүн айыпталып, 1962-ж. партиядан чы­гарылган. Партиялуулугу 1984-ж. калыбына келтирилген. 4 Ленин ордени менен сыйланган.

Ад.: Чуев Ф. И. Сто сорок бесед С. Молотовым. М., 1991; он же Полудержавный властелин. М., 1999.