МОЛДОТАШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДОТАШЕВ Ишенбай Курманович (5. 1. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ка­йырма-Арык айылы) - медицина илимдеринин док­тору (1989), проф. (1999). КММИни бүтүргөн (1975). Кыргыз Кардиология ИИИнин кенже, улук илимий кызматкери, бөлүм башчысы (1980- 2000). КРдин эмг. сиң. врачы (2003). Ысык-Көл обл-нун губернатору (2005). 2005-жылдан УКТБ­де башкы илимий кызматкер. Ошол эле жылдын ноябрь айынан Кыргызстан курортология жана калы­бына келтирүүчү дарылоо ИИИде директордун орун басары, 2006-жылдан директору болуп иш­тейт. Кардиология боюнча адис. 135тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРи­нин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. (1984). Ленин комсомолу сыйл. (1986) лауреаты. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000- 2005).

Эмг.: Особенности фармакотерапии хронической сердечной недостаточности в разных клинических ус­ловиях Центральной Азии. Оренбург, 1998; Прогнос­тическое значение изменений со стороны эхокардиоло­гических параметров в раннем послеоперационном пе­риоде, протезирования митрального клапана. М., 2000. молдо-тоо - Ички Теңир-Тоодогу кырка тоо. Нарын д-нын оң өйүзүндө, анын меридиандык имерилишинен чыгышты карай Куртка суусу­на чейин 110 км ийилип созулат. Туурасы 26 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 4185 м. Тоонун кырында жана түштүк капталында тоо жа­ралганга чейинки түздүктөрдүн калдыктары даана байкалат. Жону чыгышында түзөң, ай­дөөш, батышында тик чоку, аскалуу, ортонку бөлүгү (Кара-Кече суусунун башында) бийик. Капталдары батышында негизинен тик, Көкөме­рен жана Нарын ойдуңдарына карай жантайың­кы. Ашуулары; Чамынды (3184 м), Кең-Арык (3524 м), Ак-Тайлак (3400 м), Боз-Айгыр (3660 м), Суулуу-Куртка (3368 м), Узун-Булак (3126 м). Негизинен ортонку палеозойдун аки­таш теги, мрамор, филлит, кварцит, диабаз,

конгломерат; этеги неоген-төртүнчүлүк мезгил­дердин кум, чопо, алевролит тектеринен түзүлгөн. Көмүр, полиметалл ж. б. кендери бар. Чакан мөңгүлөр кездешет. Тоонун күнгөйүн жарым чөл жана кургак талаа (2300 м бийик­тикке чейин), арча, бадалдуу жана шалбаалуу талаа (2300-3000 м), субальп жана альп шалбаа­луу талаасы (3000-3300 м), тескейинде, батыш тоо этегине бадал аралашкан кургак талаа жана талаа, чыгышына сейрек карагайлуу токой жана шимүүр-каз тамандуу шалбаа (3000 лгге чейин), шалбаалуу талаа (3500 лгге чейин), андан жого­ру нивалдык-гляциалдык ландшафт алкакта­ры мүнөздүү. Жайыт.