МОКЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОКЕЕВ Анварбек (3. 4. 1948, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чычкан кыш.) - дипломат, та­рых илимдеринин доктору (2010), проф. (1993). 2-клас­стагы кенешчи (1998). 1971-ж. КМУну бүтүргөн. 1971-74-ж. КМУда окутуучу, 1978-83-ж. Кыр­гыз ССР ИАнын Тарых институтунда илимий кызмат­кер, 1983-92-ж. КМУда, 1992-93-ж. БГУда ка­федра башчысы, 1993-94-ж. Түркиянын Мармар университетинде проф., 1994-98-ж. КРдин Түркия жана Иран Респ-ндагы ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси, 1998-2001-ж. КМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору, 2001-05-ж. Кыр­гыз-Түрк «Манас» университетинде проректор, 2005- 06-ж. АКШнын Висконсин университетинин стажёру, 2006-11-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде проф., 2011-12-ж. КРдин Өзбекстандагы элчиси, 2012-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору. О. кылымдагы кыргыз тарыхы боюнча адис. 80ден ашуун илимий макалалардын автору.