МОИСЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОИСЕЕВ Игорь Александрович [8 (21). 1. 1906, Киев - 2. 11. 2007, Москва] - советтик балетмейстер, СССР эл арт. (1953), Кыргыз ССР эл арт. (1975).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976). 1924-ж. Москва хо­реография окуу жайын бүткөн. 1939-жылга че­йин Чоң театрдын балет труппасынын солисти. 1930-ж. Оранскийдин «Фут­болчу» (Л. Лащилин менен бирге), 1932-ж. Арендстин «Саламбо», 1958-ж. Хачату­ряндын «Спартак» ж. б. ба­леттерди койгон. М. - советтик элдик сахна бийин негизде­гендердин бири. 1937-

жыл­дан СССР элдик бий ансамблин түзүп, аны 50 жылдан ашык жетектеген. М. ар элдин бий өнөрүнүн өзгөчөлүгүн сактап, аларды өзгөчө об­раздуулук менен каныктырган. Кыргыз ССРнин 50 жылдыгына карата койгон «Ала-Тоодогу майрам» бий композициясы - буга далил. Эл­дик бий менен хореогр. искусство жөнүндө теориялык макала­ларды жазган. Лениндик сыйл. (1967), СССР мамлекеттик сыйл. (1942, 1947, 1952) лауреаты. Үч Ленин I, II даражадагы «Мекенге сиңирген эм­геги үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган.

И. Моисеев жетектеген бий ансамбли.
Shape 3151