МОГОЛ-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОГОЛ-КОРГОН - Жалал-Абад обл-нун Базар­Коргон р-нундагы кыштак. Кеңеш айыл аймагы­на караштуу. Деңиз деңгээлинен 705 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш­нан 5 км түндүк-батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 37 км. Кыштак 1934-ж. негизделген. Калкы 1000 (2009); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, мечит бар.