МУЛЬТИПЛЕКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЛЬТИПЛЕКС (Ми111р1ехег) - эки же андан көп сигналды жыйнап, бир агымга бириктирүүчү жана аны байланыш каналдары аркылуу жи­берүүчү түзүлүш. Маалымат жиберилген жакта­гы М. берилиштерди агымга топтоо алдында ар бир тамганы коддойт. Кабыл алуучу жагында­гы М. ушундай коддолуп жиберилген бери­лиштердин топтолгон агымын кайрадан ажы­ратып, алгачкы калыбына алып келет. Ай­рым берилиштерди агымдарга топтоштуруу менен М. байланыштын натыйжалуулугун жого­рулатат. Көбүнчө М-лер тышкы модем менен ту­таштырылат же М-дин ичине ички модем орно­тулат.