«МУЖМАЛ АТ-ТАВАРИХ ВА-Л-КЫСАС»
«МУЖМАЛ АТ-ТАВАРИХ ВА-Л-КЫСАС» («Тарых жана аңгемелер жыйнагы») - 1126-ж. фарсы тилинде жазылган тарыхый эмгек. Автору белгисиз. Бул эмгекти ирандык тарыхчы Бехар таап алып, 1939-40-ж. Тегеран ш-нда жарыялаган. Эмгекте түрк элдери тууралуу маалыматтар менен бирге кыргыздар «кыркыз» болуп берилген. Чигилдердин 6’ашкаруучусу, Барскан ш-нын бийлөөчүсү «тебин» титулун алгандыгы тууралуу да айтылат.