МУХАММЕД (пайгамбар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАММЕД, Мукамбет, МухаммедАхмад бен Абдаллах (570-ж. чамасында, Меке - 8. 6. 632, Медина) - араб диний үгүтчүсү жана саясий

ишмери; ислам динин жана алгачкы мусулман­дар жамыятын негиздөөчү. Мусулмандардын түшүнүгүндө Кудайдын жердеги элчиси, пайгам­барлардын эң акыркысы. Алгачкы расмий өмүр баянын 8-к-да араб тарыхчысы Ибн Исхак жаз­ган. М. Меке ш-нда саясий жана экономикалык таасири чоң курайш уруусунун Хашим тукумунан чык­кан. Атасы Абдаллах бен ал-Мутталиб 570-ж. жол кырсыгынан каза тапкан. Энеси Амина уулу 6 жашка чыкканда көз жумат. Ата-энеси­нен ажыраган М-ди чоң атасы Абд ал-Мутта­либ өз колуна алат. Эки жылдан кийин чоң атасы набыт болот. 8 жашар М. атасы менен тууш­кан агасынын колунда калат. Ушул мезгилден баштап. М. коомдо жетим болуу, жакыр жа­шоо деген эмне экенин өз башынан кечирген. 25 курагында 40тан өткөн мекелик бай соода­гер жесир аял - Хадичага үйлөнөт. Жубайлар курактарындагы айырмаларга карабастан, бак­тылуу жашап өтүшкөн. М. Хадичага үйлөнгөн­дөн кийин көбүнчө диний-этикалык маселелер менен алектенген. Ал көп түндөрү Мекени курчап турган Хира тоосунун бир үңкүрүндө түнөп жүргөн. Уламыш боюнча мына ошондой түндөрдүн биринде ага Жебрейил периште кайып кабар - Алланын Аянын алып келип, колуна Алланын ыйык Куранын тапшырат жана мойнуна Алла тааланын айткандарын элге-журтка кабарлоо милдетин жүктөгөн делет. Ошондон анын Ку­дай жолундагы касиети - Пайгамбардык ыйык иши башталат. М-дин диний жөндөмү аркылуу гана мекендештери эски динден (бутпарастык ишенимден) баш тартып, жаңы ислам динине кирген (к. Ислам). Ислам дининин кириши менен ар кайсы уруудагы элдердин ажыга келип, Каа­ба алдында зыярат кылышы зор мааниге ээ болгон. Алар бири бири менен жакындан тааны­шып, пикир алышкан. Аң-сезимин байытып, көз карашын кеңейтип, улуттук биримдигин бе­кемдеген. Арабдардын жашоосундагы өз ара пи­кир келишпестиктер, чыр-чатактар, жаңжалдар, кандуу кагылыштар ажыга барганда Каабага зыярат, таат-ибадат кылганда, топто, жыйын­да, дуванда чечилген жана улуу ынтымакка чакы­рылган. Анын жолун жолдоочулар (Абубакир, Омор, күйөө балдары Осмон, Аалы) ислам ди­нин бүткүл Арабстанга таратып, М. жарык дүй­нөдөн өткөндөн кийин халиф болуп калышкан.

Ад.: Болыиаков О. Г. История халифата. СПб., 2006; Аль-Мубаракфури С. Жизнь Пророка. М., 2009; Ефремова Н. В., Ибрагим Т. К. Жизнь пророка Мухаммада. М., 2009. [Т. 1-2].