МУУНЧУЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУУНЧУЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ, силлабика­лыкыр түзүлүшү — ыргак тузүүнүн, башкача айтканда ыр куруунун каражаты катары муун сандары­нын бирдейлигине негизделген ыр системасы. Мында ыргак (ритм) ыр сабындагы муундардын бирдей өлчөмдө айкашы аркылуу түзүлөт, бул система туруктуу басымга ээ тилдерге мүнөздүү. В. Радловдун, А. Самойловичтин, А. Фадеев­дин, К. Рысалиевдин кыргыз ыр түзүлүшунө арналган эмгектеринде кыргыздын салттуу ыры ушул системага таандык экендиги көрсөтүлгөн.