МУРАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРАЛИЕВ Амангелди Мурсадыкович (7. 8. 1947, Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айы­лы) - мамлекеттик, коомдук ишмер. Илим жана техни­ка жаатында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлы­гынын лауреаты (1977), КРдин өнөр жайга эмг. сиң. кызматкери. Кара-Балта тамак-аш техни-

кумун (1967), ФПИни (1976) бүтүргөн. Кара-Балта кант комбинатында слесарь, мас­тер (1967-70), Фрунзе ш-нда­гы Электр вакуум машина­ларын куруучу тажрыйба заводунда инженер-конструк­тор (1970-73), Тоют жый­ноо техникасы боюнча мамлекеттик адистештирилген конструк­тордук бюродо жетектөөчү конструктор (1973-76), Фрунзе шааркомунун ин­структору (1976-78), Фрунзе оор электр маши­на куруу заводунда башкы инженер, директор (1978-82), «Кыргызавтомаш» өндүрүш бирикме­синин башкы директору (1982-88), Фрунзе шаар­дык эл депутаттар кеңешинин аткомунун төра­гасы (1988-91), КРдин мамлекеттик катчысы, Эконо­мика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (1991-92), экономика жана финансы министри (1992-93), Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти (1993), КРдин Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (1993-94), Мамлекеттик мүлк фон­дунун төрагасы (1994-96), КРдин ө. ж. саяса­ты боюнча вице-премьер министри (1996), Ош обл­нун губернатору (1996-99), КРдин Премьер-ми­нистри (1999-2000), «Кыргыз Биржа Фонду» ЖАКтын президенти (2000-04), Өнөр жай жана соода министри (2004-05), КРдин футбол феде­рациясынын ардактуу президенти (1991-2008), 2010-ж. 14-июлдан - 2011-ж. декабрга чейин КРдин Убактылуу Өкмөтунун 1-премьер-ми­нистри, 2010-жылдан «Кыргыз алтын» ААК ди­ректорлор кеңешинин төрагасы. КР Жогорку Ке­ңешинин депутаты (1985; 1990; 1993-2005). Ма­нас ордени менен сыйланган.