МУНАПЫС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНАПЫС — жекече аныкталбаган кылмыш жасаган жана соттолгон адамдар чөйрөсүнө ка­рата кабыл алына турган нормативдик акт. М. актысы боюнча: 1) кылмыш жасаган адамдар жа­зык жоопкерчилигинен бошотулушу; 2) соттол­гон адамдар жазадан бошотулушу; 3) соттолгон адамдардын жазасы кыскартылышы; 4) соттол­гондордун жазасы жеңил жаза менен алмашты­рылышы; 5) соттолгондор кошумча жазадан бошотулушу мүмкүн. М. берүүнүн алдында жа­саган кылмыштардын жиктери, күнөөлүүнүн жүрүм-туруму эске алынат.