МУКАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАНОВ Сабит Муканович (22. 4. 1900, азыр­кы Түндүк Казакстан обл., Жамбыл р-ну, Сабит Муканов атындагы айылы - 18. 4. 1973, Алматы) - казак жазуучусу, коомдук ишмер, казак адабиятын негиздегендерден. Казак ССР ИАнын академиги (1954). Айылдык молдодон кат тааныган. 1918- 19-ж. Омск мугалимдер курсунда окуган.

Орен­бургдагы жумушчулар факультетин бүтүп (1926), бас­ма сөздө иштеген. 1928-ж. Ленинград университетинин филология факультетинде, 1933-35-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунун адабият бөлүмүнөн оку­ган. М. туңгуч поэтикалык чыгармалары («Көнү­лүм», 1917; «Боштондук», 1919) менен казак ад­тына совет заманынын жарчысы катары кир­генетикалык М-дун «Табышмактуу желек» (1938) рома­ны, «Ак аюу» (1935) поэмасы, «Майга салам» (1933), «Сөз - Советтик армия» (1934) аттуу ыр­лары казак адабиятынын өнүгүшүндөгү маанилүү чыгармалардан. «Темир-таш» (1935), «Ботогөз» (1938) романдары менен «Достор» (1937) повести реалист романчы катары тааныткан. «Бото­гөздө» казак элинин турмушундагы революциялык кезең чебер сүрөттөлсө, «Сыр-Дарыя» (1947-48) романында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин­де оорукта эмгектенген калктын кажыбас кай­раты реалдуу көрсөтүлөт. М. - казак элинин жарым кылымдык тарыхын баяндаган «Өмүр мектеби» (1949-53; Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйл., 1967), Ч. Валиханов жөнүндөгү «Өчкөн жылдыз» аттуу таржымал үчилтигинин жана «Сакен Сейфуллин», «Чокан Валиханов» деген пьесалардын автору. Анын казак адабияты менен көркөм сынынын түйүндүү маселелери жөнүндө 200дөн ашык адабий-сын макаласы бар. Эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.