МУЗЫКАЛЫК ФОРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК ФОРМА - кең мааниде музыкалык чы­гарманын идеялык-эмоциялык мазмунун туюн­дурган музыкалык маанилүү ыкмалардын (обон, ыр­гак, темп, гармония ж. б.) жыйындысы. Музыкалык чыгарманын көркөмдүгү анын мазмуну менен фор­масынын биримдигине байланыштуу. Тар маа­ниде - М. ф. музыкалык чыгарманын композициялык планы, анын түзүлүшү. М. ф. ар кандай чыгар­мада ар түрдүү болгондугуна карабастан, тары­хый калыптанган туруктуу жалпылык, мисалы, сонаталык, вариациялык, рондо, фуга, полифо­ниялык дагы ушул сыяктуу, ошондой эле циклдик формалар (со­ната, сюита, прелюдия, фантазия) бар. Цикл­дик форма ар түрдүү М. ф-да жазылат (көлөм­дүү, полифониялык). Сонаталык форма соната­да, симфонияда, квартетте, концертте болот. Кө­лөмдүү вокалдык-симфониялык (оратория, кантата, мес­са) жана музыкалык-сахналык чыгармалар (опера, ба­лет) бир нече бөлүмдөн турат. Алардын ар бири (увертюра, ария, ансамблдер) белгилүү М. ф-да жазылат (мисалы, ария рондо формасында).

Ад.: Способин И. В. Музыкальная форма. 5-е изд. М., 1984; Холопова В. Н. Формы музыкальных произведений. М., 2006; Холопов Ю. Н. Введение в музыкальную форму. М., 2008.