МУЗДАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗДАТУУ - азык-түлүк технологиясынын өзүнчө тармагы. Азык-түлүк консервалоодо кур­гатуу, туздоо, ыштап сүрсүтүү, антисептик зат­тар, кант, пастерлөө жана стерилдөө ыкмалары колдонулат. Алар азыктардын сапатын төмөн­дөтөт, түсүн, даамын, аш болумдуу касиетин

өзгөртөт жана витаминдерин бузат. Тез бузулуу­чу азыктарды консервалоо ыкмаларынын на­тыйжалуусу - М. Азык М-да микроорганизм­дердин тиричилик аракети төмөндөйт жана фер­менттердин активдүүлүгү акырындайт. Ал музда­тылган (температурасы 0+4°Сге чейин), тондурулган (температурасы -0,5+-2,5°С) жана дефростацияланган (тоңу кеткен) болуп айырмаланат. М-да муздат­кыч заттар колдонулат. Эт, жумуртка, жемиш, сүттөн жасалган жана кондитер азыктары аба менен, балык, куш эти суюктук менен, сүт, каймак, шире, шарап жылуулук алмаштыргыч аппарат­та суюктук менен муздатылат, ал эми муздун жардамы менен бөтөлкөдөгү ичкилик жана жашыл­ча муздатылат. Узакка сактоо үчүн азык-түлүк -23°С температурада тоңдурулат. Сактоодо азыктар­дын сапатын жогорулатуу үчүн ультракызгылт көк, иондоштурулган нурларга кармоо, атайын идиш жана соргуч материал, көмүр кычкыл газы, озон жана антибиотиктер колдонулат. Ушул чараларды М. менен айкалышта пайдаланганда азыктардын сактоо мөөнөтүн узартууга болот.