МУЗ АЯНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗ АЯНТ - коньки тебүүгө жана хоккей оюну­на ылайыкталган муз тоңдурулган аянт. Пай­даланылышы боюнча М. а-ы спорттук жана масса­лык болуп бөлүнөт. Спорттук М. а-ында сабак өтүлөт жана конькиде тез чуркоо, хоккей оюну, фигуралык муз тебүү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Массалык М. а. - активдүү эс алуу жайы. Жа­салышына жараша М. а. үчкө бөлүнөт: таби­гый, куйма жана жасалма. М. а. катары өзөн­дү, көлмөнү, көлдү да пайдаланууга болот. М. а-ындагы муздун калыңдыгы 16 слгден кем болбоого тийиш. Тегиз аянтка, спорт талаасы­на, стадионго суу тоңдуруп да М. а. жасалат. Мындай жасалма М. а. Алматыдагы Медөөдө курулган. Бул жерде көптөгөн дүйнөлүк жана улуттук мелдештер өтүп келген. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дагы (Бишкек ш., Каракол ш. ж. б.) фигуралык муз тебүү, хоккей оюндары үчүн М. а-тары бар.