МӨҢГҮ
МӨҢГҮ, м у з д у к - жер бетиндеги табигый кар-муз катмары; ага жылмышуу кыймылы мүнөздүү. Уюлдук аймактарда жана бийик тоолордо кардын толук эрибей топтоло беришинен пайда болот. Кар чегинен (жыл бою эрибеген кардын төмөнкү чеги) жогору жаткан бөлүгү куралуу, төмөн жаткан бөлүгү абляциясы (мөңгү же кар катмарынын көлөмү эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон кичирейиши) деп аталатынча М-лөрдө Жердеги тузсуз суунун басымдуу массасы (70%) топтолуп, 16,4 миллион км2 аянтты же кургактыктын 10,9% ин каптап жатат; жалпы көлөмү 30 миллион км3ге жакын (к. таблица).
М-үн жылышуу ылдамдыгы тоо М-лөрүндө жылына ондогон мге, шельф М-лөрүндө 1,9 юиге жетет. М-лөр негизинен эки типке бөлүнөт: тоо
Жер шарындагы муздуктардын а я н т ы | |
Муздук облусу | Муздук аянты, миң км2 |
Антарктика | 13979 |
Антарктида | 13975 |
Муздуктар, анын ичинде | 13779 |
жер үстүндөгүлөрү | 12150 |
сүзүп жүрүүчүлөрү | 1460 |
аралдуулары | 169 |
Оазис жана нунатакалардагы мөнгүлөр | 196 |
Антарктика бою аралдары | 4,0 |
Арктика | 2044,3 |
Гренландия | 1802,6 |
Муздуктар | 1726,4 |
Башка мөңгүлөр | 76,2 |
Канада Арктика архипелагы | 150 |
Элсмир аралы | 78,4 |
Баффин Жери | 36,8 |
Девон аралы | 16,6 |
Аксель-Хейберг аралы | 12,6 |
Калган аралдар | 5,7 |
Россиялык Арктиканын аралдары | 56,1 |
Свальбард архипелагы жана Ян-Майен | 35,2 |
аралы | |
Түндүк Американын Арктика район- | 0,3 |
дору | |
Азиянын Арктика райондору | 0,03 |
Европа | 19,2 |
Исландия аралы | 11,8 |
Скандинавия | 3,1 |
Альп жана Пиреней тоолору | 2,9 |
Кавказ жана Урал тоолору | 1,5 |
Азия | 118,4 |
Гималай тоолору | 33,1 |
Теңир-Тоо | 17,9 |
Кара-Корум | 15,4 |
Нань-Шань | 13 |
Памир-Алай | 12,1 |
Куньлунь | 11,7 |
Гиндукуш | 5,9 |
Борбордук Азиянын калган райондору | 5,4 |
Сибирь жана Ыраакы Чыгыш | 1,6 |
Кавказ | 1,4 |
Алдынкы Азия | 0,05 |
Калган региондор | 0,95 |
Түндүк Америка | 123,7 |
Аляска | 103,7 |
Жээк кырка тоосу | 15,4 |
Аскалуу кырка тоосу | 4,6 |
Мексиканын жанартоолору | 0,01 |
Түштүк Америка | 32,3 |
Африка жана Океания | 0,85 |
Жаны Зеландия | 0,81 |
Африка | 0,02 |
Жаңы Гвинея | 0,02 |
Бардыгы | 16317,63 |
М-лөрү жана каптама муздуктар. Тоо мөңгүл ө р ү негизинен тоолордун кыр бөлүгүнө жакын пайда болуп, рельефтин оёң формаларын ээлеп, төр, асылма, өрөөн ж. б. М-лөргө бөлүнөт. Алардын кыймылы оордук күчтүн таасиринен каптал ылдый жылышынан пайда болот. Дүйнөдөгү эң ири тоо М-лөрүнө - Аляскадагы Хаббард (уз. 145 км), Памирдеги Федченко (71,1 км), Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек М-сү (58,9 км) кирет. Каптама муздук же материктик муздуктар млндогон км2 аянтты ээлеп, жалпы эле тоо рельефин да жаап калышы мүмкүн, үстүнкү бети дөмпөйгөн формада болуп, чет-жакасын карай жылышып, калкыма шельф М-лөрүнө өтөт. Каптама муздуктардын ири массивдери - Антарктидада, Гренландияда, Арктиканын аралдарында таралган.