МӨМӨ-ЖЕМИШ ШИРЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨМӨ-ЖЕМИШ ШИРЕСИ - жапайы жана өстү­рүлгөн өсүмдүктөрдүн мөмө-жемишинен даяр­далган азык. Шире бир түрдүү, аралаш (эки же андан көп түрдүү) мөмөдөн даярдалып, канттуу, газдалган жана коюуландырылган, ошондой эле сапа­тына жараша тунук, киргилт жана маңыздуу бо­лот. Накта ширеге суу, кант ж. б. кошулбайт. Ширеге кычкылдуулугуна жараша 5-15% кант кошулат. Тунук, киргил шире даярдоодо мөмө, жемиш жуулуп, майдаланып, пресстелет. Ма­ңыздуу шире даярдоодо мөмөдөн данеги, саба­гы ж. б. алынып, мөмө эзилип, майдаланганча ысытылат да электен өткөрүлөт. М.-ж. ш-нде баалуу азык заттары (кант, органикалык кислота, витамин, минерал туз, пектин жана жыпар жыттуу зат­тар) болот. Эң баалуусу - сулпулуу шире, анда эрибеген заттар да сакталат. Ит мурун, кара­гат, чычырканак, апельсин, мандарин ширеле­ри С витаминине өтө бай келет. Ширелер суу­сун катары жана кисель, шарап, сироп ж. б. азык­тарды даярдоодо пайдаланылат.