МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК КӨРКӨМ ИНСТИТУТУ В. И

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК КӨРКӨМ ИНСТИТУТУ В. И. Суриков атындагы - Россиядагы сүрөт искусствосу боюнча жогорку көркөм окуу жайы. Живопись жана ийчилик окуу жайы менен байланыштуу. 1937-ж. Москва сүрөт институту аталып, 1948-ж. В. И. Суриковдун ысмын ал­ган. Окуу жайдын реалисттик сүрөт искусствосу­нун очогуна айланышына анын алгачкы рек­торлору И. Э. Грабарь менен С. В. Герасимовдун (1930-40-ж.) салымдары зор. Институтта ар кан­дай мезгилдерде ири чебер сүрөткерлер тобу (Д. С. Моор, Б. В. Иогансон, Атап Айтканда Дейнека,

В. А. Фаворский, М. Г. Манизер, Д. К. Мочаль­ский, С. А. Чуйков, А. М. Грицай, Н. В. Том­ский, В. А. Лазарев, Т. Т. Салахов ж. б.) сабак беришкен. Институтта живопись, графика, скульп­тура факультеттери, станоктук, театр-жасалга, мону­мент живописи, китеп, плакат, станоктук гра­фика өнөрканалары бар. Институтта Европа, Азия, Африка өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алышат. Кыргызстандан А. Мухитдинов (скульп­тор), С. Төрөбеков, М. Сыдыкбаев (театр худож­ниги), А. Бейшенов, Ж. Кадралиев, Ж. Үмөпгов, К. Аманкожоев, А. Асранкулов (живописчи) ж. б. сүрөтчүлөр билим алышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.