МОРЕНА РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРЕНА РЕЛЬЕФИ - мөңгүнүн аракетинен пай­да болгон аккумуляциялык рельеф. Түздүктөрдө моренадан пайда болгон дөңсөө-чуңкурдуу ре­льеф, жал сымал же өңгүл-дөңгүлдүү морена түздүктөрү, дөбөлүү аяккы мореналуу кырлар, друмлин (узатасынан кеткен анча бийик эмес дөбөлөр) болот. Плейстоцен муз каптоосуна дуу­шар болгон тоо өрөөндөрүндө М. р., адатта, жээк мореналарынын ар түрдүү формаларынан, аяк­кы мореналардын кырларынан жана дөңсөөлүү М. р-нен турат.