МОҢГОЛ ЖАЗУУСУ
МОҢГОЛ ЖАЗУУСУ 13-к-дын башында уйгурлардан кабыл алынган (к. Уйгур тили). Түпкү теги согд жазмасы аркылуу сирия-арамей алфавиттеринен чыккан. Моңголияда бул жазуу «эски жазуу» деп аталат. Ал жогортон төмөн, оңдон солго карай жазылат. М. ж. полифониялуу, башкача айтканда андагы

тамгалардын көбү эки же үч фонеманы туюнтат. Кээ бир тамга сөздөгү алган ордуна карай ар кыл формада жазыла берет. 1945-жылдан моңголдор кириллицанын негизиндеги өз тилине ылайыкталган жаңы жазууга өткөн. Эски моңгол жазуусун Моңголиядагы жана КЭРдин Ички Моңголия автономия р-нундагы, илимий басылмалар гана колдонот. Моңголияда, ошондой эле анча кеңири таралбаган «чарчы жазуу» [тибет алфавитинин негизинде (13-14-к.) жана бул батыш моңголдор үчүн], «айкын жазуу» деген жазуулар да бар, к. Моңгол тили.