МОҢГОЛ ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОҢГОЛ ЖАЗУУСУ 13-к-дын башында уйгур­лардан кабыл алынган (к. Уйгур тили). Түпкү теги согд жазмасы аркылуу сирия-арамей ал­фавиттеринен чыккан. Моңголияда бул жазуу «эски жазуу» деп аталат. Ал жогортон төмөн, оңдон солго карай жазылат. М. ж. полифония­луу, башкача айтканда андагы

тамгалардын көбү эки же үч фонема­ны туюнтат. Кээ бир тамга сөздөгү алган ордуна ка­рай ар кыл форма­да жазыла берет. 1945-жылдан моң­голдор кирилли­цанын негизинде­ги өз тилине ыла­йыкталган жаңы жазууга өткөн. Эски моңгол жа­зуусун Моңголия­дагы жана КЭРдин Ички Моңголия автономия р-нундагы, илимий басылмалар гана кол­донот. Моңголияда, ошондой эле анча кеңири тарал­баган «чарчы жазуу» [тибет алфавитинин не­гизинде (13-14-к.) жана бул батыш моңголдор үчүн], «айкын жазуу» деген жазуулар да бар, к. Моңгол тили.