МОНУЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНУЕВ Ысакбек [31. 8. 1902, азыркы Ош обл., Нура айылы - 27. 8. 1949, Казак ССРи, Алма­тыга жакын, сөөгу Кулжага коюлган] - алгач­кы кыргыз генералы, Гоминьдан генерал-майо­ру, Чыгыш-Түркстан респ-нын (азыркы Синьц­зян-Уйгур автономиялуу р-ну) аскер ишмери.

Уйгур, өзбек, казак, кытай, орус тилдерин бил­ген, өз доорунун билимдүү адамдарынан болгон. Атасы Мону ажы кыргыз-кытай аралыгында соода жүргүзүп, кийин үй­бүлөсү менен Кытайда (Шиң­жан провинциясы, Улуу­Чат ооданы, Кош-Өтөк ай­магы) туруп калган. М. 25 жашында кызыл-суулук­тардан аскер курап, кыр­гыздардан ооп барган басма­чыларга каршы күрөшүп, Гоминьдан өкмөтүнүн пуй­ман (генерал-майор), кийин­черээк генерал-лейтенант аскер чинин алган. Ошондой эле Кумуль көтөрүлүшүндө, Кытайдагы жа­рандык согушта Гоминьдан тарабында согуш­кан. 1943-ж. Гоминьдан бийлиги менен чыр-ча­тагы башталып, аны туткундамак болгондо Ал­матыга качкан. Ал жерден аскер бөлүгүн түзүп, улуттук армиянын эң жогорку кол башчылы­гына дайындалган жана Синьцзяндагы азаттык кыймылга активдүү катышкан. 1944-ж. Ахмет­жан Касими башында турган Чыгыш Түркстан Респ. түзүлүп, 1-аскер командачысы болгон. Кытай өкмөтү КЭРдин түзүлүшүнө кошкон са­лымы үчүн Иледеги каармандар бакчасына эс­телик орноткон. Ысымы Нура айылындагы орто мектепке, Ош ш-нын бир көчөсүнө ыйгарылып, Ош ш-на айкели тургузулган.

Ад.: Мониев А. Генерал Ысакбек. Б., 2006.

А. Карасартов.