МОНТРЁ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1936

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНТРЁ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1936) - Кара де­ңиз кысыктарын пайдалануу тартиби жөнүндө СССР, Түркия, Улуу Британия, Франция, Болгария, Румыния, Грекия, Югославия, Австралия жана Япония мамлекеттери катышкан конференция. 1936-ж. 22-июндан 21-июлга чейин Монтрё ш-нда (Швейцария) өткөн. М. конференциясы Кара деңиз кысыктарында сүзүү тартиптери жөнүндө Ло­занна конференциясында (1922-23) кабыл алынган конвенцияны кайра карап чыгуу мак­сатында Түркиянын демилгеси менен чакырылган. Лозанна конференциясында кабыл алынган конвен­циянын ордуна, 20-июнда кысыктарды пайда­лануунун тартиби жөнүндө жаңы конвенцияга кол коюлуп, ал боюнча Түркия кысыктар зонасын де­милитаризациялоого укук алган. Конвенция боюнча бардык мамлекеттердин соода кемелерине тынчтык жана согуш мезгилде кысыктарда эр­кин сүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок аскер кемелерине түзүлгөн шарттар бир аз айырмала­нып турган. Кара деңиздин боюндагы мамле­кеттердин тынчтык мезгилде конвенциянын белгилүү бир шарттарын сактоо менен кысыктар аркылуу согуш кемелерин чексиз түрдө өткөрүү жөнүндө атайын эрежелер кабыл алынган. Кара деңиздин боюнда жайгашпаган мамлекеттердин согуштук кемелерин өткөрүүдө алардын клас­сы, жүк көтөрүмдүүлүгү (30 миң тоннадан аш­паш керек) жана Кара деңизде өткөргөн мөөнөтү (21 күндөн ашпаш керек) чектелген. Эгерде Түркия согуш абалында турса же согушка ка­тышып жаткан болсо, ал башка мамлекеттер­дин аскер кемелерин кысыктардай өткөргөнгө же өткөрбөгөнгө укуктуу болгон. Ал эми Түркия согушка катышпай турган болсо, анда Кара де­ңиз кысыктары бардык мамлекеттердин аскер кемелерине жабык деп эсептелген. Лозанна конференциясында түзүлгөн кысыктар боюнча эл аралык комиссия жоюлуп, анын функциялары Түркия­нын өкмөтүнө берилген.