МОНРО
МОНРО (Мопгое) Мэрилин (өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкер Мортенсон, Вакег МогЪепсоп) (1. 6. 1926, Лос-Анжелес - 5. 8. 1962, Калифорния штаты, Брентвуд) - америкалык актриса, модель болуп иштеген. 1947-жылдан кинодо («Коркунучтуу жылдар»), «Асфальтталган жунгли» жана «Бардыгы Еважөнүндө» (1950) фильмдеринде эпизоддук ролдордо ойногон. Анын фильмдеги каармандары («Мырзалар сары кыздарды жактырат»,1953; «Миллионерге кантип күйөөгө чыгыш керек», 1954; «Маймылча жоруктар», 1952) - анткор сезимдеги, жеңил ойлуу образдар. 50-жылдары АКШда көрүнүктүү актрисалардан болгон. Актёрлук техниканы өркүндөтүү менен, «Ниагара» мелодрамасы (1953), «Дарыя
кайдан кайтып келбейт» вестерни (1954), «Жетинчи жылдагы кычыткы» комедиясы (1955) ж.б. ар кандай жанрдагы фильмдерде ойногон. 50-жылдардын ортосунда Нью-Йоркто актёрдук студияда Л. Страсбергден окуган. 1956-ж. «Автобус аялдамасы» фильминде аткарган. 1957-ж.
Лондондо «Канзаада жана хористка» (Л. Оливье койгон жана катышкан) фильмине тартылып жана каржылаган. Голивудда «Кээ бирлери өкүмдүктү сүйөт» (1959, советтик прокатта «Жазда жалаң кыздар») жана «Сүйүү рахаты» фильмдерине тартылган. М-ун акыркы ролу «Айласыздар» (1960) фильминде анын драмалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири ачылган. М-ун өмүрү жана чыглыгы тууралуу «Мэрилин» (1963) киноантологиясы чыккан.
Ад.: Головский В. С. М. Монро. Жизнь и смерть. М., 2008; СпомоД. Монро. М., 2008.
