МОНОПОЛИЯЛЫК БАА
МОНОПОЛИЯЛЫК БАА - монополиянын ашык пайда табышын камсыз кылуучу товар баасы. М. б. демейде рыноктогу сатылган товардан түшкөн пайданын эсебине жараша ошол товарды ээлеген монополисттердин өз ара макулдашуусу аркылуу коюлат. М. б.„ өтө жогорку баа, анткени монополистти продукциянын өзүнөн түшкөн кирешеге караганда, жалпы өндүрүлгөн продукциядан түшкөн киреше кызыктырат.