МОНОКАРП ӨСҮМДҮКТӨРҮ
МОНОКАРП ӨСҮМДҮКТӨРҮ (моно... жана грекче karpos - мөмө) - өсүмүндө бир гана жолу гүлдөп урук берүүчү өсүмдүктөр, алар уругу жетилгенден кийин өлөт. Буларга бир жана эки жылдык өсүмдүктөрдүн бардыгы, кээ бир көп жылдык өсүмдүктөр кирет. Мисалы, бамбук, агава, пальмалардын айрым түрлөрү ж. б.