БӨЛҮШТҮРГҮЧ ВАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 20 май 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРГҮЧ ВАЛ – машинанын ар кандай операцияны катары менен аткаруу тартибин жана процесстин кайталанып турушун башкаруучу түзүлмө. Ал кээде муштумчалуу вал деп да аталат. Бөлүштүргүч вал ичинен күймө кыймылдаткычта, станокто, машинада колдонулат. Анын башкаруучу органы – муштумчалар. Машинанын түзүлүшүнө жараша муштумчалар вал менен туташ жасалат, кээде ал муштумчалары бөлөк жасалып, вал отургузулушу мүмкүн. Ал ичинен күймө кыймылдаткычта газ бөлүштүрүүчү органдарды, станокто технологиялык процессти иштетүү тартибинен баштап, ар кандай аспаптарды алмаштыруучу механизмди башкарууга арналат.