МОЛО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛО МӨҢГҮСҮ - Тескей Ала-Тоонун түштүк кап­талындагы төр тибиндеги мөңгү. Көөлү суусу­нун алабында жайгашкан. Уз. 5,0 км, аянты 5,9 КЛ42, абляциясынын аянты 1,9 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4560 м, этеги 3880 м бийиктикте жа­тат. Кар чегинин бийикт. 4220 м. Бети тегиз келип, ортонку морена даана байкалат. Калың­дыгы этегинде 12-14 м. Голоценде түштүгүндөгү эки мөңгү жана түндүк-чыгышындагы бир мөңгү ко­шулуп, чоң мөңгү түзүлгөн. Буга жаңы морена үймөктөрү күбө. Мөңгүдөн Көөлүнүн сол куйма­сы - Моло суусу башталат.