МОЛЕКУЛА ГЕНЕТИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛЕКУЛА ГЕНЕТИКАСЫ - генетикалык информация­нын сакталышын, укумдан-тукумга берилишин жана өзгөрүшүн субклеткалык, молекулалык деңгээлде изилдөө аркылуу тирүү жандыктардын тукум куугучтугунун жана өзгөргучтугунун материал­дык негизин изилдөөчү илим; генетика менен молекула биологиясынын тармагы. М. г. өз ал­дынча илим катары 20-к-дын 40-жылдарынан өнүгө баштаган. Буга биологияда жаңы физикалык жана химиялык методдордун колдонулушу себеп бол­гон. М. г-нын тез өнүгүшүнө көбүнчө жөнөкөй түзүлүштүү организмдерди (мисалы, бактериялар, вирустар) генетикалык изилдөөлөр чоң роль ойногон. Классикалык генетика организмдердин тукум куугучтук касиеттерин (генетикалык информа­цияны) негизинен хромосомаларда жайгашкан гендер аныктай тургандыгын далилдеген, бирок гендин химиялык негизин ача алган эмес. 1944-ж. америкалык окумуштуу О. Т. Эйвери тукум куугучтук белгилер дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) аркылуу берилерин көрсөттү. Ошентип, ген ДНКдан, кээ бир ДНКсы жок вирустарда рибо­нуклеин кислотасы - РНКдан турары далил­денген. 1953-ж. америкалык илимпоз Ж. Уотсон жана англ. илимпоз Ф. Крик ДНК молекуласынын түзүлүш моделин сунуш кылышкан. Бул модель боюнча ДНК молекуласы спираль түрүндө имери­лип жанаша жайгашкан эки жипчеден, ар бир жипче, 4 түрдүү нуклеотиддерден турат. М. г. гендин өз алдынча өзгөрүүгө жөндөмдүү бөлүк­чөлөрдөн турарын, генетикалык информациянын генде кандай «жазыларын», сакталарын жана ишке ашырылышын негизинен аныктады. Генетика­лык код жөнүндө түшүнүк пайда болду. Генетикалык код­дун чечилиши менен белоктун биосинтезинин сыры (механизми) ачылды. М. г. мутацияга, башкача айтканда генетикалык информациянын өзгөрүшүнө болгон түшүнүктү тереңдетти, генетикалык биологиядагы көп процесстер­ди терең түшүнүүгө жардам берип, биол. илим­дердин өнүгүшүнө оң таасир тийгизди. М. г-нын жетишкендиктери а. ч-да, медицинада колдо­нула баштады.

Ад.: Уотсон Дж. Молекулярная биология гена. М., 1978; Стент Г„ Келиндор Р. Молекулярная генетика. 2-е изд. М., 1981.