МОЛДОКЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДОКЕЕВ Алишер (1884, азыркы Жалал­Абад обл., Аксы р-ну, Сыны айылы -1931, ошол эле жер) - алгачкы агартуучулардан жана совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан. 1918-22-ж. Кызыл Армиянын катарында кыз­мат өтөгөн, 1923-26-ж. Кызыл-Жар р-нунда дыйкандардан ыктыярдуу отряд түзүп, анын ко­мандири болгон. 1928-ж. анын демилгеси менен Сыны айылында Аксы аймагы боюнча алгачкы мек­теп ачылган. Азыркы учурда айлындагы

мек­тепке М-дин ысмы берилип, музейи уюшулган.