МОЛДАЛИЕВ
МОЛДАЛИЕВ Момуналы (7. 4. 1924, азыркы Жалал-Абад обл., Майлы-Сай ш. - 14. 3. 1974, Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Бүргөндү айылы) - педагог, мамлекеттик ишмер. Ош ш-дык а. ч. техникумун (1941), ОМПИни бүтүргөн (1961). Айылдык

мектепте мугалим (1941-43), Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектептин угуучусу (1945-47), Кыргызстан КП БКнын Жалал-Абад обкомунун инструктору (1944- 45), 2-секретары (1946-52), Ленин райкомунун 2-секретары (1953-57), Кыргызстан ЛКСМ Ленин р-ндук к-
тинин 2-секретары (1958-59), Ленин р-нундагы К. Маркс атындагы № 18 орто мектептин директору (1960-69), К. Маркс атындагы к-здун партиялык уюмунун секретары (1969-74) болуп эмгектенген. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Айылдык мектепке ысмы берилген.