МОДЭ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДЭ, М а о д у н, М о а Т у н, М о д у (биздин заманга чейинки 234-174) - хунн империясын негиздөөчү, шануй (биздин заманга чейинки 209-174). Хунндардын ак сөөк уруусу­нан чыккан Томандын [Тумын, Тоумань, кыр­гыздарда Түмөн, кээ бир вариантында Или хан (Иле д-нын атынан), же Эл хан (эл, держава), азиялык тарыхчыларда Кара хан] тун уулу. Айрым окумуштуулар (Н. Я. Бичурин ж. б.) анын өмүр жолун мусулман тарыхындагы Өгүз (Огуз) ханга (к. «Огуз намэ») окшоштурушкан. Кытай тарыхында атасы М-ни сүйбөй, согдулар­га атайлап ак уйлуу кылып жибергени, бирок М. алдын-ала билип калып, сакчыны өлтүрүп качып чыкканы айтылат. М. биздин заманга чейинки 209-ж. ата­сын өлтүрүп, хунндарга император болуп жа­рыяланган. Ал согдулар менен тынчтык келишим түзүп, чыгыштагы дунху урууларын жана түш­түктөгү юэчжилерди караткан. Биздин заманга чейинки 201-ж. 300 миң кол менен Кытайга (Байыркы Цинь импе­риясы) каршы аттанган. Биздин заманга чейинки 200-ж. Дай про­винциясындагы Байдын кыш-нын (азыркы Да­тун) жанында Кытай императорун 320 миң колу

менен курчоого алып, «тынчтык жана туугандык» келишимин түзүүгө аргасыз кылган. М. өлгөнгө чейин Кытай императору ага белек тартуулап турган. М-нин тушунда хунндар азыркы Моң­голияга толук жана түндүгү Байкал көлү, түштүгү Алашан чөлү, батышы Балхашты кучагына алган чоң аймакка ээ болгон.

Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилёв Л. Н. История народа хунну. М., 2008.