МИЯЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЯЛЫ - Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Суу ш-нан 50 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 45 км. Калкы 1000 (2010); негизинен мал багат. Негизги мек­теп, китепкана жана ФАП бар. Аты мыя өсүмдүгү көп өскөн жер маанисин билдирет.