МИЧИГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЧИГАН (жергиликтүү индей тилинде - чоң көл) — АКШдагы көл. Улуу көлдөрдүн курамында. Көлдүн бети деңиз деңгээлинен 177 м бийикте. Аянты 58 миң км2, терендиги 281 мге чейин. Макино кысыгы аркылуу Гурон көлү, Чикаго -

Лок­порт кеме жүрүүчү каналы аркылуу Миссисипи д-нын тармагы менен туташат. Түндүк бөлүгү декабр­дан майга чейин тоңот. 1950-ж. чейин М-да сом, минога, май канаттар, америка мекиреси, чор­тон балык болгон. Көлдүн өтө булганып кети­шинен көптөгөн тирүү организмдер жок болуп кеткен (мисалы, сом). Балыр көбөйүүдө. Башкы порттору: Чикаго, Милуоки.