МУСУЛМАНКУЛ (1794-1853)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСУЛМАНКУЛ (1794-1853) - Кокон ханды­гындагы саясий ишмерлердин бири, миң башы (1843-44), аталык (1845-53). Кээ бир маалымат­та теги ферганалык кыпчактардын кулан уругу­на таандык болгону, энеси жана аялы кыргыз экени, ошондуктан кыргыздарга жээн, ал эми Шераалы ханга жакын бөлө болгону айтылат. 1842-ж. Бухара эмири Насрулла Мадалы ханды өлтүрүп, Кокон ш-н алганда, Нүзүп бийдин кол­доосу менен эмирдин аскерине каршы жүрүшкө катышып, Ташкент жана Кожент ш-н кайрадан Коконго каратууда чоң роль ойногон. Мындан кийин хан сарайдагы саясий иштерге тартылып, Нүзүптү өлтүрүүгө катышкан. Нүзүп бий өлгөн­дөн кийин аскер бийлиги М-дун колуна топтол­гон. Кыпчактар бийликтин маанилүү бутакта­рын ээлеп, отурукташкан башка урууларга кы­сым күчөгөн. 1845-ж. алайлык кыргыздар коз­голоң уюштуруп, Шераалы ханды өлтүрүп, такка Алим хандын уулу Мурадды отургузушкан. Мурад хан ошол замат бийлик эгеси Насрулла экенин жарыя салып, кокондуктардын наара­зылыгын туудурган. Аны уккан М. он бир күн­дөн кийин Коконго кирип, Мурад ханды өлтүр­гөн жана күч менен кызын берип, такка Кудаярды отургузган. М. өзүн аталык жарыялап, бийлик­ти толук колуна алган. Ички саясатында жаңы жерлерди өздөштүрүү, канал казуу, суу жүргүзүү жана көпүрөлөрдү салууга салым кошкон. Тыш­кы саясатында күчтүү бийликти жактап, Оро­Төбө, Кожент, Ташкент бектерине каршы жүрүш уюштурган. М-дун бийлигине кыргыздар гана эмес Ташкент ш-нын беги Нарманбет да ачык каршы чыккан. Аны ордодогу өзбек, кыргыз, ал түгүл кыпчактардын бир тобу колдоп, Ку­даяр ханды да өз тарабына тартып алууга же­тишкен. 1852-ж. күз айларында М. жетектеген кол Былкылдама деген жерден Кудаяр хан баш­чылык кылган кыргыз-өзбектердин колу менен беттешип, кыпчактардан бир нече миң киши курман болгон. М-ду өзүнүн жакын адамдары кармап беришкен. Кудаяр хан аны 600 адамы менен дарга астырган жана бүтүндөй Фергана өрөө­нүндөгү кыпчак калкын тукум курут кылууга буйрук берип (к. Кыпчак кыргыны), алардын же­рин казынага алып, сатыкка койгон.

Ад.: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А. 1987; Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по~исто­рии Киргизии. Б.; М., 2004.