МУСАКЕЕВ
МУСАКЕЕВ Темирбек (24. 0. 1950-жылы туулган, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Өзгөрүш айылы) - кино сүрөтчүсү, живописчи, график. 1985-жылдан СССР

жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун, 1986- жылдан СССР жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (2007), КРдин Токтогул атындагы мамл сыйл. лауреаты (2011), проф. (2012). 1971-ж. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын, 1977-ж. Москвадагы Бүткүл союздук Мамлекеттик кинематография интунун (ВГИК) мультипликациялык көркөм фильмдер факультетин бүтүргөн. 1977-92-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында анимациялык жана көркөм фильмдерди коюучу, 1993-жылдан КМКТАУда жана Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында окутуучу. М. - кино сүрөтчүсү катары «Кыргызфильмде» көптөгөн мультипликациялык фильмдерди жаратууга катышкан. Балдар китептерин жасалгалаган. М-дин фильм, китеп жана картина түрүндөгү 500дөн ашык чыгармасы бар. Живопистик жана графикалык чыгармалары менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан. «Кыргыз элинин улуттук кийимдери» альбому Италияда, Түркияда чыккан. Ошондой эле бул альбом Бүткүл союздук эл аралык көргөзмөдө чет элдик көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.