МУРСАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРСАЛИЕВ Асыркул(26. 11. 1934-жылы туулган, азыр­кы Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айы­лы) - биология илимдеринин доктору (1990), проф. (2001). КМУну (1959), СССР ИАнын Геохимия жана анализдик химия институтунун аспирантурасын (1964) бүтүргөн. 1953-жылдан орто мектепте мугалим, 1959-60-ж. Ош обл-нда мугалим, 1965- жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биология жана то­пурак таануу институтунда инженер-геоботаник, кен­же, улук илимий кызматкер, 1993-жылдан КУУда проф. Виология, экология, биохимия, геохим. экология боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы, 1 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.; Биогеохимическая инвентаризация флоры Киргизии (в соавторстве). Ф., 1976; Микроэлементы в сложноцветных Киргизии. Ф., 1976; Биогеохимия горных лугов бассейна реки Тюп (в соавторстве). Ф., 1992; Основы экологии/Уч. пособие. Б., 2000.